Жаңылыктар
Бишкек мэриясы монорельс - асма транспорттор долбоорун сунуштады
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек мэриясы монорельс - асма транспорттор долбоорун сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясында "Бишкек монорельстүү транспорттук тутум" долбоору сунушталды. Бул тууралуу Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, долбоор шаардык транспорттун сапатын жана туруктуулугун, ошондой эле жол коопсуздугун жогорулатууга багытталган.

"Монорельс - бул темир жол транспорту, асма транспорттун бир түрү, тез жүрүүнү камсыз кылат. Монорельстердин жалпы узундугу 37 чакырым болсо, станциялардын саны 32, линиялардын саны 2. Жүк ташуу сыйымдуулугу 150дөн 180 жүргүнчүгө чейин болуп, бийиктиги 5-7 метрге чейин жетет.

Долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашыруу пландаштырылууда.