Жаңылыктар
Чоң-Талаа орто мектебиндеги өрттөн кийин, окуучулар эски үйдөн билимин улантууда
Кыргызстан жаңылыктары
Чоң-Талаа орто мектебиндеги өрттөн кийин, окуучулар эски үйдөн билимин улантууда

7-декабрдын таңында Чоң-Талаа орто мектебинин бир корпусу өрттөнүп кеткенине байланыштуу окуучулар кыйын шартта билимин улантышууда. Аталган билим уясы 1981-1982-жылдары башталгыч мектеп болуп уюшулуп, имараты 4 корпустан турат. 40 жылдан бери мына ушул талапка жооп бербеген имаратта мугалимдер айылдын жаштарына билим берип келишүүдө. 

Эми болсо анын бир корпусу толугу менен күлгө айланып, окууга такыр жараксыз абалга келди. Аймактык кабарчыбыз билим берүү мекемесинин бүгүнкү абалы менен таанышып көргөн.

Бул мугалим Чоң-Талаа орто мектебинин окуу классындагы абалды айтып берди. Класстын тардыгынан эки катар парта араң жайгаштырылган. Свет өчүп калса, окуу бөлмөсүнүн төрүндөгү жалгыз терезеден жарык деле кирбейт. Буржуйка мешине көмүр жагылганы менен окуучулар жылуулукту деле сезишпейт.