Өлкө аймагындагы он ооруканада курулуш жана оңдоо иштери аяктап, бейтаптар үчүн 1 миң 141 орун түзүлдү. План боюнча он төрт оорукана колдонууга берилмек, азыр калган төртүндө курулуш уланууда. Аны менен бирге 27 оорукананы борборлоштурулган суюк кычкылтек тутумуна туташтыруу иштери аткарылууда.