Жалал-Абад облусунун Аксы районунда, коңшу Казакстанда кулчулукка кабылды делген аксылык адам жөнүндө маалымат изделип жатат.
Бул тууралуу Аксы райондук администрациясынын аппарат башчысы Мирлан Сагынбаев turmush.kgге билдирген.
«Социалдык тармактарда аксылык тургун Казакстанда кулчулукта жүрөт деп маалымат тараган. Буга байланыштуу бардык жергиликтүү айыл өкмөттөрүнө маалымат тараттык. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат. Бул жаран жөнүндө бир нерсе билген адамдарды издеп жатабыз », - деди М.Сагынбаев.
Белгилей кетсек, интернетте 60 жаштардагы адамдын сүрөтү жарыяланып, ал Казакстанда кой кайтарып, бир адамдын колунда кулчулукта жүргөнү боюнча маалыматтар байма-бай тарап жатат. Ал адам Жалал-Абад облусунун Аксы районунан экени айтылган. Маалыматта ал жардам сурап, алып кетүү өтүнүчүн айтканы дагы айтылат.