Жаңылыктар
Москва районунун Беловодск айылында уурулукка шектүү кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Москва районунун Беловодск айылында уурулукка шектүү кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 14-декабрь күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Беловодск айылындагы жайгашкан ишканалардын биринин жетекчиси арыз менен кайрылып, белгисиз бирөө ага тиешелүү 85 метрлик кабелин уурдап кеткенин билдирген. 

Келтирилген материалдык чыгым 7 миң сомдон ашкан. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 90-беренеси (Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. 

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, буга чейин сот жообуна тартылган 38 жаштагы А.К. аттуу жаран кармалган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү жаран Беловодск айылынан ушул сыяктуу дагы эки фактыга тиешеси бар экендиги аныкталган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.