Жаңылыктар
Ишкерлер ИИМге жаңы алты унаа тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Ишкерлер ИИМге жаңы алты унаа тапшырды

Ички иштер министрлигине алты унаа тапшырылды. Унаанын ачкычын тапшыруу аземине Ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын башкармалыктарынын, кызматтарынын жетекчилери жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. 

Жеке ишкер Кайрат Аманов милиция кызматкерлерине кайрылып, 5,6-октябрь күндөрү болгон окуяда ички иштер органдарынын унаалары талкаланганын көргөнбүз. Ошондуктан ишкерлер жаңы жыл алдында милицияга унаа тапшырууну чечкенин айтты. 

"Сиздер биздин бейпил жашообузду камсыздап, коомдук коопсуздукту сактап жатасыздар. Биз дагы сиздерди колдошубуз керек. Келе жаткан майрымыңыздар менен, урматтуу милиция кызматкерлери! Сиздерге бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалайбыз. Сиздердин жогорку кесипкөйлүгүңүздөр, билимиңиздер жана Мекенге болгон ак эмгегиңиздер Кыргызстандын эли үчүн кызмат кыла беришине тилектешпиз”, - деди ишкерлердин өкүлү.

Өз кезегинде ички иштер министри Улан Ниязбеков демөөрчүлөргө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирип, милиция коомдук тартипти камсыздоо, жарандардын укугун жана эркиндигин сактоо боюнча алдына коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн бардык күчүн жумшаарын белгиледи. Бул унаалар Баткен, Жалал-Абад, Чүй, облустарына, Ош шаарына жана ИИМдин ички аскерлерине муктаждыктарына жараша берилет.