Түркиянын координация жана кызматташуу агенттиги Кыргызстандын аймактарындагы бейтапканаларды техникалык жактан камсыз кылууга даяр. Бул туурасында Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Фыратты кабыл алганда айтылды.
Элчи мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө ар тараптуу жардам көрсөтүү үчүн Түркиянын чечкиндүүлүгүн белгиледи. COVID-19 пандемиясынын жайылышына каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу болуп өттү. Ушундан улам, кыргыз тарап эпидемиянын кесепеттерин жоюуга жардам бергендиги үчүн Түркия тарапка ыраазычылыгын билдирди. Түркия тарап саламаттыкты сактоо жаатында Кыргызстан менен кызматташууну улантаарын жана боордош кыргыз элине COVID-19 пандемиясына каршы керектүү жардамын берүүгө даяр экендигин ырастады.
Элчи Түркиянын координация жана кызматташуу агенттиги Кыргызстандын аймактарында бейтапканалардын ачылышы, оңдолушу жана техникалык камсыз кылынуусу боюнча долбоорду ишке ашырууга даяр экендигин белгиледи. Жеңгиз Фырат Түркиянын саламаттыкты сактоо министри коронавирус инфекциясынын пандемиясы аяктагандан кийин Бишкек мамлекеттик ооруканасынын расмий ачылыш аземин өткөрүүгө саламаттыкты сактоо жаатындагы түрк ишкерлердин тобу менен чогуу келээрин маалымдады.
Түрк ишкерлери Ысык-Көл бизнес форумуна дагы катышаары айтылды. Ошондой эле тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо, товар жүгүртүүнү көбөйтүү, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, эки өлкөнүн кызыкчылыктарына шайкеш келген долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.