Россиянын Свердлов районунда иштеген мекендеш дарыгерлер Кыргызстанда “Аймактык акушердик мониторинг” автоматташтырылган тутумун киргизүүнү демилгелеп жатат. Алар бул тутум ийгиликтүү иштерине, өз иш практикасында күбө болгон. Алты жыл аралыгында бул аймакта энелердин өлүмүн 18% дан 8% га чейин төмөндөтүүгө мүмкүн болгон.
Россиянын Свердлов районунда "Аймактык акушердик мониторинг" автоматташтырылган тутумунун негизинде ымыркайлардын жана энелердин өлүмүн кыскартууга мүмкүн болду. Атайын программа кош бойлуу аялдардын алгачкы жолу каттоого алынганынан тартып, төрөткө чейинки убакытта ден соолугунун абалын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.