Жаңылыктар
Талант Мамытов энергетиктерди кесиптик майрамы — өлкөнүн Энергетиктер күнү менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Талант Мамытов энергетиктерди кесиптик майрамы — өлкөнүн Энергетиктер күнү менен куттуктады

Энергетика — республикабыздын туруктуу өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир эткен өзгөчө тармак. Мындай пикирин Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов энергетиктерди кесиптик майрамы — өлкөнүн Энергетиктер күнү менен куттуктаганда айтты.

«Урматтуу энергетиктер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Энергетиктер күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Энергетика өлкөнүн экономикасынын флагманы, жарандардын жашоо-тиричилиги жана ири өнөр жай объектилери үчүн зарыл шарт болуп эсептелет. Ошондуктан, энергетика тармагы — республикабыздын туруктуу өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир эткен өзгөчө тармак.

Мындан туура бир кылым мурда — 1920-жылдын 22-декабрында, Кыргызстанда алгачкы гидроэлектрстанцияларды куруу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Бүгүнкү күнү биздин энергетикалык комплекске өлкөнүн жашоо-тиричилигин камсыз кылган ири 7 ГЭС, ири 2 ЖЭБ, Токтогул суу сактагычы, жүздөгөн подстанциялар жана жүздөгөн километр электр өткөрүүчү чубалгылар, жылуулук линиялары, чакан ГЭСтер жана башка энергетика объектилери кирет, ал эми 16 миңден ашуун адис алардын күнү-түнү иштөөсүн камсыз кылууда.

Бул жылы энергетиктер коронавирус пандемиясы күчөгөн мезгилде медиктер сыяктуу эле саламаттык сактоо системасынын жана ар бир кыргызстандыктын жашоого зарыл болгон муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн өздөрүнүн жумуш орундарында калып, ишти улантып жатышты.

Энергетикада бир нече олуттуу долбоорлор ишке ашырылды, бирок ошол эле учурда алдыда олуттуу чечимдерди жана жаңыча ыкмаларды талап кылган заманбап чакырыктар турат. Алардын негизгилери жабдууларды андан ары модернизациялоо, энергиянын натыйжалуулугун, энергетикалык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн, энергетикада долбоорлордун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү болуп эсептелет.

Урматтуу тармактын ардагерлери!

Энергетика тармагында күчтүү, эрктүү, өз ишине чын дилинен берилген жогорку деңгээлдеги адистер гана иштеп келген. Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздердин негизинде энергетика системасы түптөлгөн. Мындан ары да Сиздер өз тажрыйбаңыздарды жана билимиңиздерди келечектеги жаш адистерге бересиздер деп терең ишенебиз.

Энергетика тармагынын бардык кызматкерлерине жана ардагерлерине ак ниет эмгеги үчүн өзгөчө ыраазычылыгымды билдирем.

Сиздер ар бир кыргызстандыктын үйүндөгү жарык жана жылуулук үчүн чоң жоопкерчиликти сезип, кесиптик майрамыңыздарды жумуш ордуңуздарда тосуп жатасыздар. Сиздерге чың ден соолук, бакты-таалай ишиңиздерге ийгилик каалайм!»