Бишкекте КМШ мамлекеттеринин кино форуму старт алды. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, форум 25-декабрга чейин өтүп, жалпы 30дай тасма көрсөтүлөт. Уюштуруучулар кино форумдун жүрүшү тууралуу басма сөз жыйынын өткөрүштү.
Ал эми саамалыктын расмий ачылышы бүгүн, 22-декабрда «Ала-Тоо» кинотеатрында болот, анда казакстандык режиссер Шарип Уразбаевдин «Марьям» аттуу тасмасы көрсөтүлмөкчү. 24-декабрда ушул эле кинотеатрда орусиялык режиссер Максим Дашкиндин "Ыраакта" тасмасы менен расмий жабылат. Бул ирет кинофорум коронавирустан кайтыш болгон кореялык режиссер Ким Ки-Дуктун жаркын элесине арналмакчы.
Белгилей кетсек, иш-чара жыл сайын уюштурулуп келет. Аны өткөрүүгө КМШнын Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фонду, Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, жогорку окуу жайлар жана коомдук уюмдар каржылык колдоо көрсөтөт.