Жаңылыктар
Мамлекеттик бажы кызматы: аткезчилик жол менен ташылып келинген унаа кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик бажы кызматы: аткезчилик жол менен ташылып келинген унаа кармалды

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери аткезчилик жол менен ташылып келинген унааны кармашты. 

Маалыматка ылайык, ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды, транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, мыйзамсыз ташылып келинген унаа кармалып, мамлекетке келтирилген жалпы зыяндын көлөмү 1 миллион 519 миң сомду түздү. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.