Жаңылыктар
Мыйзамсыз курал-жарак менен аңчылык кылган жаран аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Мыйзамсыз курал-жарак менен аңчылык кылган жаран аныкталды

Мамэкотехинспекциянын Москва жана Сокулук  райондору боюнча региондор аралык башкармыгы менен Борбордук аппараттын Экологиялык коопсуздук башкармалыгы биргеликте, Чүй облусунун Москва жана Сокулук райондорунун аймагында “жаңы-жылдык балатылардын мыйзамсыз даярдалып сатылышына бөгөт койуу, жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүнө жана балык корлоруна мыйзамсыз зыян келтирүүлөрдүн алдын алуу” максатында атайын иш-чаралар уюштурулду. 

Иш-чаранын жүрүшүндө 2 жаран Чүй облусунун Сокулук районундагы Крупский айыл өкмөтүнүн аймагында аңчылык кылып жүргөн жеринен текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө бир жарандын аңчылык кылганга жана куралын тастыктоочу уруксат кагаздары жок экендиги аныкталып, жеринде тиешелүү кагаздар толтурулду. Аң уулоо эрежелерин бузугандыгы үчүн аталган жаранга Бузуулар Кодексинин 192-беренесинин негизинде 12 500 сом өлчөмүндө айып салынды.

Ал эми уруксаты жок куралы үчүн тиешелүү иш кагаздар толтурулуп, материалдар Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. 

Кошумчалай кетсек, учурда аңчылык сезону бүткөн. Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери тарабынан өлкө боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.  Мыйзамсыз курал жарактар менен аңчылык кылгандарга мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөөрүн кошумчалайбыз.