Жаңылыктар
Өлкөгө башкаруунун кайсы формасы керек?
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөгө башкаруунун кайсы формасы керек?

Тарыхка сереп салсак, Кыргызстан 2010-жылы элдик толкундоо менен бийлик алмашканда баш мыйзамды өзгөртүп, парламенттик башкаруу жолуна түшкөнүн жарыялаган. Бирок Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн баамында иш жүзүндө чыныгы парламенттик башкаруу болгон жок. 

Ошол себептүү партиялык-парламенттик башкаруудан элдин көңүлү калып, октябрдагы толкундоолорго алып келди. 10-январда референдумда жарандар мамлекеттин башкаруу формасын тандашат. Ал ортодо Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоо менен катар мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга даярдык көрүп жатат.