Жаңылыктар
Бүгүнкү күндө өлкөдөгү энергетикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүнкү күндө өлкөдөгү энергетикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат

"Бизнестин жана калктын электр энергиясына болгон муктаждыгы жыл сайын туруктуу өсүүдө, ошол эле учурда биз колдо болгон энергетикалык ресурстардын ондон бир бөлүгүн гана пайдаланабыз. Ошондуктан ГЭСтердин кубаттуулугун жогорулатып, көбүрөөк энергия иштеп чыгуу керек". 

Бул тууралуу Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Камбар-Ата 2 ГЭСинин экинчи блогун ишке киргизүү долбоору менен таанышуу учурунда билдирди. Аны менен бирге Токтогул ГЭСин модернизациялоонун жүрүшү менен да таанышты.