Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө дубандагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационарынын жаңы имаратын көрүп чыкты. Ошондой эле облустагы клиникалык оорукананын травматология бөлүмүнүн абалы менен таанышты.