Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 21-декабрда, Жалал-Абад облусуна иш сапары учурунда прокуратура органдарынын ардагери жана устаты Жунусмамат Асырановго барып жолукту.
73 жаштагы Жалал-Абад шаарынын тургуну Жунусмамат Асыранов көп жылдар бою Ош жана Жалал-Абад облустарынын прокуратура органдарында иштеген. Ошол жылдары Жунусмамат Асырановдун жетекчилиги астында прокуратуранын бөлүмдөрүндө Талант Мамытов да иштеген.
2008-жылы Жунусмамат Асыранов Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын бөлүм башчысы кызматынан ардактуу эс алууга чыккан. Өз мезгилинде ишинде көрсөткөн артыкчылыктары үчүн ведомстволук артыкчылык белгилери жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
Жунусмамат Асыранов менен баарлашууда Талант Мамытов ардагерге карьерасынын өсүшүнө жана кесиптик чеберчилигинин өнүгүшүнө өбөлгө болуп берген таалим-тарбиясы, колдоосу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.
«Сизден алган билимди жана тажрыйбаны мен андан ары жакшылап өздөштүрдүм, алар менин күнүмдүк ишиме ар дайым жардам берип турат», — деп белгиледи Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу.
Талант Мамытов Жунусмамат Асыранов менен прокуратура тармагындагы бирге иштеген жылдарын көп эскерерин, ардагер ал үчүн өзүнүн ишине берилген, жогорку кесипкөй жана чынчыл мамлекеттик кызматкердин үлгүсү бойдон кала берерин белгиледи.
«Мамлекеттик кызматта сиздин сапаттарга ээ болгон адистер иштешин каалар элем», — деп айтты Президенттин милдетин аткаруучу устатына кайрылып.
Талант Мамытов ошондой эле Жунусмамат Асырановдун прокуратуранын жаш кызматкерлерин тарбиялоодогу жоопкерчилигин, берилип иштегенин, чыдамкайлыгын, ошондой эле камкордук менен мамиле жасап, алардын ишке кызыгуусун пайда кылып, шыктандыра турган жөндөмгө ээ болгонун кошумчалады.
Өз кезегинде Жунусмамат Асыранов Талант Мамытовдун ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалап, өзүнүн турмуштук тажрыйбасы, баалуу кеңештери менен бөлүштү.