Ош облусунун аймагында абал туруктуу, кырдаал тынч. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери башка тийиштүү кызматтар менен биргеликте Ош облусунун аймагында COVID-19 илдеттин массалык түрдө тарап кетишине жол бербөөгө жана элдин коопсуздугун сактоо үчүн санитардык-эпидемиологиялык иштерди тынымсыз жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
2020-жылдын 14–декабрынан 20-декабрь күнүнө чейинки убакытта Ош ОИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 69 кылмыш жана 37 жорук иши катталган. Жалпы кылмыш жана жоруктардын саны – 106, алардын ичинен - 86 бети ачылган. Урдоо - 1, Авто каражатын айдай качуу - 2, алдамчылык - 13, жол унаа кырсыгы - 13, Бейбаштык - 2, ден соолукка жеңил зыян келтирүү - 7, майда бейбаштык - 9, орчунду эмес өлчөмдөгү алдамчылык - 1, орчунду эмес өлчөмдөгү урдоо - 2, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогторун мыйзамсыз өндүрүү - 1 жана башкалар - 33.