Жаңылыктар
Жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттор 2021-жылдын апрель айынан тарта бериле баштайт
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттор 2021-жылдын апрель айынан тарта бериле баштайт

Жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттор 2021-жылдын апрель айынан тарта жарандарга бериле баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов маалымат жыйында билдирди. 

Айтымында, эгер жарандар чет өлкөлөргө кетпесе, анда учурдагы паспортторду алмаштыруунун кажети жок. “Учурдагы паспорттор жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин, тагыраагы берилген күндөн кийин 10 жылдын ичинде күчүндө болот. Эгерде сиз биометрикалык паспорт менен кирүү үчүн атайын талаптар коюлган өлкөлөргө барбасаңыз, анда аны алмаштыруунун кажети жок", - деди Батырканов. Белгилей кетсек, Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы документтин үлгүсүн 15-декабрда берген.