Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Көк-Бел ашууларында түнү менен жааган карга карабастан жолдор ачык. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол тейлөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жолдор инерттик материалдар менен тазаланууда. Азыркы тапта аталган ашууларында бардык керектүү шаймандар бар, кызматкерлер жетиштүү. Департаменттен билдиргеней, Бишкек - Ош унаа жолунун бардык бөлүгүндө кызматкерлер кадимки тартипте иштеп жатышат.