Үстүбүздөгү жылдын 10 айында Кыргызстан 855 миллион долларга алтын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.
Салмак менен алганда 15 тоннадан ашык салмакты түзөт. Баалуу металл толугу менен Улуу Британияга жөнөтүлгөн. Ал эми былтыркы жылдын январь-октябрь айларында 652 миллион долларга 14 тоннадай алтын сатылган.