Жаңылыктар
Каржы полициясы: Мыйзамсыз күйүүчү - майлоочу май ташыгандар кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Каржы полициясы: Мыйзамсыз күйүүчү - майлоочу май ташыгандар кармалды

Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондору боюнча финансы полициясы “Чалдыбар-унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пунктунун Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте мыйзамсыз товарлардын жүгүртүлүшүн аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып кирүү аракетин токтотту.

11-декабрда “Чалдыбар-унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пунктунан күйүүчү-майлоочу материалды жеңил көмүр суутек аралашмасына жамынтып, өзгөчө жыты бар 37 тонна суюк затты алып бара жаткан “Вольво” маркасындагы жүк ташуучу унаа кармалган. Сурамжылоонун жүрүшүндө аталган унаанын айдоочусу тиешелүү документтерди толугу менен көрсөтө алган эмес, ошондуктан товарларды эсепке алуу пунктунун мобилдик тобу жогоруда аталган жүк ташуучу унааны кармап, токтотуучу жайга жайгаштырган. Учурда, бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.