Жаңылыктар
Ош облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ 20-декабрда саат 07:57де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. 

Жер титирөө Өзгөн районунун Шамал-Терек, Эркин-Тоо, Саламалик айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.