Бишкек шаарынын Октябрь районунда бүгүн эртең менен, 21-декабрда саат 06:40 чамасында Кулатов көчөсүндө жайгашкан курулуш материалдар сатуучу имараттын 3-кабатынан өрт чыккан.
Өрттү өчүрүүгө Бишкек шаардык куткаруу кызматынан жалпы 5 бөлүм, ошондой эле Штаб, ККББдан КБП унаасы менен ыкчам топ, РЭТ кызматынан 1 бригада, ИИМден 9 кызматкер тартылган.
Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 08:01де чектөөгө алынып, өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.