Күнүмдүк кем-карчын толуктоо үчүн майда соода менен алектенген Зулпукар Калдыбеков он жылдан бери пенсияда. Социалдык төлөм үзгүлтүксүз берилгени менен бир айлык чыгымдарын жаба албайт.
Учурда өлкөдөгү орточо пенсия 6 миң сомдун тегерегинде. Социалдык фонддун адистери төлөм ар бир пенсионердин эмгек тажрыйбасына жана иш жолундагы алган каражатына жараша болорун айтат. Акыркы бир жылда эле пенсия алуучулардын саны 42 миңге өстү. Келерки жылы жалпы социалдык төлөм алган жарандардын саны 700 миңге жетери божомолдонууда.