Ар бир үйдүн эшигин каккылап, эсептегичти текшерүү, электр энергиясын үнөмдөөнүн айла кеткендеги амалы. "Түндүк электр" ишканасынын өкүлдөрү үнөмдөө чакырыктарын алгач кагаз түрүндө таратып, эртели-кеч электр жарыгы эң көп колдонулчу сааттарда үй жылытууга электрди колдонбой турууга чакырууда.
Күн сууктагандан бери эл электр энергиясын ченемден ашык сарптоого өттү. Алсак 13- декабрь күнү 3 миң 240 МВ электр энергиясы сарпталып, эң жогорку- башкача айтканда рекорддук чекке жетти. Мындай көрсөткүч 2018-жылы январь айында байкалган. Бирок ал учурда абанын температурасы -20…-30 градус болуп турган. Азыр болсо абанын температурасы -10 градусту гана түзүп жатат. Демек кыш чилдеде жарыксыз калбаш үчүн, электр энергиясын үнөмдөө керек.