Октябрь айындагы саясий толкундоолордо аймактарда да абал олку- солку болду. Жергиликтүү эл кен иштеткен ишканаларды басып алган, мүлктөр таланып-тонолгон фактылар катталды. Айрым тоо-кен ишканаларынын токтоп турганына эки айдан өттү.
Өлкө экономикасына сезилерлик таасирин тийгизген тоо-кен өндүрүшүнүн токтоп турган ар бир күнү казына үчүн жоготуу. Андыктан бул тармактын үзгүлтүксүз иштеп турушуна шарт түзүү керек.
Узаган аптада өкмөттө өткөн жыйында аткаруу бийлигинин аппарат башчысы ар бир облус жетекчисине өз аймаганда жайгашкан тоо кен ишканаларын кыдырып, инвесторлор менен жакындан баарлашып, алар тушуккан көйгөйлөрдү тез арада чечкиле деген тапшырманы койду.
Тоо-кен ишканалары менен бирге эле аймактардагы туризм, айыл чарба жана жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүү планын иштеп чыгуу тапшырмасы коюлду. Ар бир облус өзүнүн аймактык өзгөчөлүгүнө жараша бизнес долбоорлорду даярдашы керек. Маселен, Нарындын этин, Көлдүн алмасын, Баткендин өрүгүн кайра иштетип экспортко чыгаруу боюнча долбоорлор.
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы бул асыл тукум мал чарбасында «Герофорд» породасындагы 500дөн ашуун уй жандыгы багылат. Андан башка да кой-эчки, майда жандыктар бар. Облуста мындай чарбалардан бир нечеси болгону менен малды союп сата турган, этти кайра иштете турган ишкана жок. Өкмөттө өткөн жыйында дал ушул этти иштете турган ишканаларды ачуу тапшырмасы коюлду.
Ошондой эле кийинки жылы ар бир региондо 500 жумушчу орун түзүү боюнча план даярдоо милдети коюлду. Ири инвестицияларды талап кылбаган тармактарды өнүктүрүү максаты бар.