Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө бир катар медициналык мекемелердин абалы менен таанышты. Ал Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл облустук аймактык ооруканасынын жаңыланган жугуштуу оорулар бөлүмүнүн ачылыш салтанатына катышты.
Өз сөзүндө вице-премьер министр медициналык кызматкерлердин кайратман эмгегине ыраазычылык билдирип, калктын ден-соолугу жана өмүрү үчүн талбай күрөшүп жаткан иштерине ийгиликтерди каалап кетти. Сурабалдиева Кара-Ой айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы мекемесинин ачылыш салтанатына катышып, «Алтын Балалык» балдардын ден-соолугун чыңдоочу борборуна барды.
Жумуш сапардын жүрүшүндө облустун медициналык мекемелеринин жетекчилеринин, медициналык кызматкерлеринин жана жаш ординаторлорунун катышуусундагы кеңешме өткөрдү. Саламаттык сактоо тармагындагы актуалдуу маселелердин жыйындысы жана аймактагы эпидемиологиялык абал талкууланды. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына тапшырмалар берилди. Мындан тышкары, мектептердеги ысык тамактанууну камсыздоо, фостердик үй-бүлөлөр маселеси боюнча кеңешмелер өткөрүлдү.