Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков «2020-жылдын декабрь айы үчүн бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана артыкчылыктуу милдеттерди чечүүгө багытталган иш-чараларды каржылоо тууралуу» кеңешме өткөрдү.
Анын айтымында, өкмөт пенсияларды төлөө боюнча бардык милдеттенмелерди аткарды. Бул маселе боюнча тобокелдиктер жок. Мындан тышкары, ал белгилегендей, Өкмөттүн тышкы карызды төлөө боюнча бардык милдетенмелери аткарылат. Бюджеттин киреше бөлүгү үчүн жооп берген мамлекеттик органдарга декабрь айына карай пландык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын бизнеске басым жасабастан камсыздоо тапшырылды.