Жаңылыктар
Артем Новиков Бишкек шаарындагы экологиялык абал боюнча жыйын өткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Артем Новиков Бишкек шаарындагы экологиялык абал боюнча жыйын өткөрдү

Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Бишкек шаарындагы экологиялык абал боюнча жыйын өткөрдү. 

Артем Новиковдун айтымында, бул баарынан биринчи Бишкектин айланасындагы турак жайларды газдаштыруу масштабын кеңейтүү механизмдерин өркүндөтүү, борбордун жылуулук электр борборун газдаштыруу, коомдук жана жеңил унааларды газ кыймылдаткычына өткөрүү маселелерине байланыштуу. Жарандар арасында газ менен жылытууга өтүүнү активдүү сунуштап, экологиялык билим берүү жана маданиятын жайылтуу керек. 

Өкмөт финансы уюмдарынын катышуусундагы жеке үйлөргө каражатын бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү каралган газ менен иштей турган жылытуу системасын орнотуу боюнча жаңы программаны колдоду. Ушул эле маселе муниципалдык жана жеке менчик унааларды газ кыймылдаткыч отунуна өткөрүү боюнча иштерди күчөтүүгө дагы тийиштүү. Бул үчүн чаралар кабыл алынды. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу жылуулук электр борборунан абага чыккан зыяндуу заттар боюнча дагы сөз кылды.

«Белгилүү маалыматтар боюнча, зыяндуу чыгындылардын 20% Бишкек ЖЭБ туура келет. Так санды эч ким айтып бере албайт. Мында 2019-жылы күз-кыш мезгилинде ташылып келинген көмүрдүн сапатынын талапка жооп бербегендиги үчүн санкциялар 14 млн сомду түзсө, үстүбүздөгү жылдын 3 айына жетпеген учурда ал 68 млн сомду түзгөн. Мунун бардыгын борбордук ЖЭБ жагууда. Тийиштүү органдардын өкүлдөрүнө ыкчам тартипте Бишкек ЖЭБди газга өткөрүү мүмкүндүгү боюнча тийиштүү эсептөөлөрдү аткаруусун тапшырам»,- деди Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков.