Жаңылыктар
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү беш мүчөсү кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди. Маалыматка ылайык, УКМК "Чач" каймана аты менен белгилүү Мурзахметовдун уюшкан кылмыштуу тобунун ИИМ кызматкерине жана жарандарга карата куралдуу кол салууга аракет кылган фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жатат. УКМК жүргүзгөн атайын ыкчам иштердин натыйжасында Бишкек шаарында жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2020-жылдын октябрь айында орун алган атышууга катышкан уюшкан кылмыштуу топтун 5 мүчөсү кармалды. Кармалган үч адамга карата Жалал-Абад облустук соту тарабынан УКМКнын Ош шаардык башкармалыгынын тергөө камак жайына 2 ай мөөнөткө камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралды. Калган эки адам Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде Бишкек шаарындагы УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын тергөө камак жайына киргизилди. Кармалган кылмышкерлерге карата алардын бир катар башка мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.