Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 232 адамдан табылып, 4 киши каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкекте - 67, Ош - 4, Чүй облусунда - 59, Ош облусунда - 16, Талас облусунда - 5, Нарын облусунда - 5, Ысык-Көл облусунда - 47, Жалал-Абад облусунда - 14, Баткен облусунда - 15 адам вирус жуктуруп алды. Ал эми бир сутка ичинде 408 киши илдеттен сакайды. Өлкөдөгү стационарда 1 миң 694, амбулатордук түрдө 2 миң 551 бейтап дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантининен 11 медкызматкер чыгарылды.Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 4069 учур катталды, алардын ичинен 3829 медкызматкер сакайды.Коронавирус жайылып башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 78 миң 911 адам ооруп, 72 миң 459у айыкса, 1 миң 328и каза тапты.