Жаңылыктар
Экономикалык реформалар
Кыргызстан жаңылыктары
Экономикалык реформалар

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Экономикалык реформалар боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү. Ал белгилегендей, уюшулган жумушчу топтор маанилүү стратегиялык багыттар боюнча иш алып барат. Айтымында, жаңы концепцияларды иштеп чыгуу боюнча жумуш топтордун сапаттуу, жемиштүү жана ыкчам ишти камсыздоосу абдан маанилүү. Негизги милдет катары реформаларга карата кадамдарды кардиналдуу өзгөртүү жана өркүндөтүү саналат. Кеңешменин жүрүшүндө Салык кодексинин, Лицензия-уруксат берүү иши жана контролдук-көзөмөл тармагын оптимизациялоо жөнүндө, Укук коргоо, сот органдарынын жана бизнестин мамилелерин натыйжалуу түзүү механизмдери боюнча, Курулуш тармагындагы ашыкча административдик тоскоолдуктарды жоюу боюнча концепциялардын долбоорлору каралды жана талкууланды.

 АРТЁМ НОВИКОВ Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министри

«Бүгүнкү күндө калкты жумуштуулук менен камсыздоо негизги милдет болуп саналат. Буга байланыштуу Өкмөттүн жаңы жумуш орундарды түзүү, бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, инвестицияларды коргоону жана инвесторлордун бакубат ишмердүүлүгүнүн кепилдигин камсыздоо боюнча иши ириде ушул милдеттерди чечүүсү тийиш. Жарандардаын өз мүмкүнчүлүгүн кеңири пайдалануусу үчүн шарттар болуусу керек».