Жаңылыктар
Абалдан пайдаланып акча жасагандар иликтенет
Кыргызстан жаңылыктары
Абалдан пайдаланып акча жасагандар иликтенет

Пандемия маалында көрсөтүлгөн гуманитардык жардамдардын эсеби иликтенет. Бул үчүн атайын комиссия түзүлдү. Эми алар 10 күн аралыгында чет жактан келген жана жергиликтүү элден берилген техникалык, каржылык жана гуманитардык жардамдардын таратылышын иликтейт. Ал ортодо башкы прокуратура пандемия маалында саламаттык сактоо тармагында 600дөн ашуун мыйзам бузуу фактысы аныкталганын жарыялады.