Кыргызстандын медицина тармагы быйылкы жылдын эсеби боюнча 216 тез жардам унаасы менен камсыздалат. Анын 37си “Коопсуз шаар” долбоорунан түшкөн каражатка сатылып алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди. Бирок бул дагы жетишпейт, анткени иштеп жаткан медициналык транспорттун көбүнүн эскилиги жеткен.