Жогорку окуу жайлардын мыкты делген 70 студенти Президенттик стипендияга ээ болду. Бул тууралуу жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койду. Окууда ийгиликтерди көрсөткөн студенттер менен курсанттар 50 миң сомдон бир жолку стипендия алышат. Ал үчүн Президенттин фондунан 3,5 млн сом бөлүндү.