Бардык кепилденген социалдык төлөмдөр, анын ичинде пенсия, жөлөк пулдар өз убагында толук төлөнөт. Бул тууралуу Социалдык фонд расмий билдирүү таратты. 2020-жылдын декабрь айы үчүн пенсияларды төлөөгө 4 млрд сомдон ашык каражат керектелип, 95 пайызы аткарылды. Жаңы жылга чейин белгиленген график боюнча, бардык пенсиялар толук каржыланат.