Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоо менен катар мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга даярдык көрүп жатат. Эки өнөктүк тең суукта жана пандемия шартында өтүп жаткандыктан, добуш берүүчү жайларда кошумча шарттар түзүлүп, жылуулук, жабдуу маселелерине көңүл бурулууда.