Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан мелдеште Кыргызстандык балбан Исламбек Орозбеков эркин күрөш боюнча коло медалга татыктуу болду.
Дүйнөлүк кубокто 70 кг салмактагы Орозбеков албаниялык, индиялык балбанды жеңип, кийин түркиялык спортчудан жеңилип калган. Мындан улам коло үчүн кармашууга чыккан. Үчүнчү орун үчүн күрөшүүдө мекендешибиз азербайжандык Гитиномагомед Гаджиевди 6:5 эсебинде жеңип алган.
Эскерте кетсек, аталган мелдеште Кыргызстандын куржунунда буга чейин 7 медаль чогулган: грек-рим күрөшү боюнча Жоломан Шаршенбеков, кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова алтын медаль тагынышкан.