Бир күн аралыгында Кыргызстанда коронавирустан 3 бейтап каза болду, ошондой эле, 264 адам жуктуруп алган.
Каза болгон 3 адамдын бири Ош облусунан, экөө Баткен облусунан. Республикалык штабдын билдирген маалыматына караганда, жугуштуу вирус Бишкектен 76 адамдан, Ош шаарынан 21, Чүй облусунан 67, Ош облусунан 14, Талас облусунан 4, Нарын облусунан 14, Ысык-Көл облусунан 44, Жалал-Абад облусунан 20, Баткен облусунан 4 кишиден табылды.
Ошол эле учурда 395 адам коронавирустан айыгып чыкты. Ал эми стационарларда 1 миң 773 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 649 бейтап дарыланууда. Пандемия башталгандан бери Кыргызстан боюнча жалпы 78 миң 679 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 72 миң 51 киши айыгып чыкса, 1 миң 324 адам каза болду.