Жаңылыктар
Мигранттардын Россияда убактылуу жүрүү мөөнөтү келерки жылдын ортосуна чейин узартылды
Кыргызстан жаңылыктары
Мигранттардын Россияда убактылуу жүрүү мөөнөтү келерки жылдын ортосуна чейин узартылды

Россиянын бийлиги мигранттар үчүн дагы бир жакшы чечим чыгарды. Өлкөнүн Президенти өзүнүн жарлыгы менен мигранттардын өлкөдө убактылуу жүрүү мөөнөтүн келерки жылдын ортосуна чейин узартты. 

Өлкө бийлиги мындай кадамга коронавирус пандемиясынан улам барган. Документке ылайык, келерки жылдын ортосуна чейин чет өлкөлүк жарандарга убактылуу жашаган жери боюнча каттоо, убактылуу жана туруктуу жашоо боюнча документтерди жаңыртуунун кереги жок.

Мындан тышкары, административдик жол менен өлкөдөн чыгаруу чечими кабыл алынган чет өлкөлүктөрдүн жана жарандыгы жок адамдардын Россиядан өз ыктыяры менен кетишинин мөөнөттөрү убактылуу токтотулган.