УКМК тарабынан жүргүзүлгөн экономикалык коопсуздукту камсыздоо чараларынын жана мамлекеттик органдардагы коррупциялык иштерге каршы күрөшүүнүн алкагында, Талас облусундагы Жоопкерчилиги чектелген коомдордун бири тарабынан 5 миллион сомдон ашык суммадагы милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды.
Такталгандай, Мамлекеттик салык кызматынын Талас облустук башкармалыгынын айрым кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин туура эмес аткаруусунун натыйжасында мамлекеттик бюджетке төлөнгөн кошумча нарк салыгын төлөөдө төмөндөтүү фактысына жол берилген. Бул факт боюнча, сотко чейинки өндүрүштүк материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тергөө уланып жатат.