Жаңылыктар
Кыргызгидрометке абанын сапатын көзөмөлдөөчү жабдуулар тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызгидрометке абанын сапатын көзөмөлдөөчү жабдуулар тапшырылды

17-декабрда Азия Өнүктүрүү Банкы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигине абанын сапатын көзөмөлдөөчү жабдыктарды тапшырып берди. Бул тууралуу КР ӨКМнин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиги билдирди. 

Иш-чарага Азия Өнүктүрүү Банкынын Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин директору Кэндис МакДейган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары Уран Ахметов, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, Алматы-Бишкек экономикалык коридору боюнча подкомитеттин теңтөрагасы Султан Ахматов, Гидрометеорология агенттигинин директору Нуртемир Мурзабеков катышты.

Гидрометеорология агенттигинин Атмосфералык абанын булгануусун байкоо бөлүмүнүн башчысы Бегайым Алипованын айтымында, 2020-жылы Чүй облусунун Бишкек, Аламүдүн жана Сокулук райондорунда абанын сапатын жогорулатуу боюнча комплекстүү иш-чаралардын планын ишке ашыруу максатында, Алматы-Бишкек экономикалык коридорун колдоонун алкагында Азия Өнүктүрүү Банкы менен Кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлган. Ушул Меморандумдун алкагында, жылдын акырына чейин Бишкек шаарында жана анын чет жакаларында 50 Clarity NODE S датчиктери орнотулат.

Датчиктерди орнотуудан мурун, Бишкек шаарын жана анын айланасын картага жайгаштыруу үчүн бир топ жумуштар жасалган. 50 датчикти Кыргызгидрометтин адистери Clarity NODE S түйүнүн жайгаштыруу боюнча колдонмонун негизинде тандап алышкан. Кененирээк маалымат алуу үчүн жабдыктар Бишкек шаарында гана эмес (борбордо 42 сенсор бар), ошондой эле шаардын айланасында жайгашкан: 3 даана жабдык - Аламүдүн районунда, 1 - Сокулук районунда жана 4 -  Ысык-Атада.

Станциялардын жайгашкан жерлерин тандоодо негизги принцип белгилүү бир таасирди аныктоо болгон жана шамалдын багыты, ылдамдыгы жана жыштыгы эске алынган.

 Аймактардагы абанын булгануусун көзөмөлдөө үчүн датчиктерди төмөнкү аймактарга орнотуу мерчемделүүдө:

  • Унаа кыймылы менен байланышкан жерлер - 16 даана;

                - Автовокзалдардын жанында - 4;

    - Өнөр жайга байланыштуу жерлер - 7;

    -  көмүрдүн, отундун жана башкалардын күйүшүнөн чыккан чыгындыларга байланыштуу жерлер - 9;

    - Фондук байкоо - 14 сенсор.

Аспаптын мүнөздөмөсү:

- Күн батареяларынан жана батареялардан автономдуу электр менен камсыздоо;

- Аба-ырайы бузулуучу шайман, ультрафиолет нурларына туруктуу;

- Ички глобалдык SIM түзмөктүн жайгашкан жерин тандоодо ийкемдүүлүктү камсыз кылат.