Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 18-декабрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Мамлекет башчыларынын кеңешинин видеоконференция форматындагы кезектеги жыйынына катышат.
Жыйын Өзбекстан Республикасынын төрагалыгы астында өтөт. КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары Шериктештик алкагындагы өз ара аракеттешүүнүн актуалдуу темаларын, Уюмду мындан ары өнүктүрүү концепциясын жана биргелешип кызматташууну арттыруу жаатындагы башка маанилүү маселелерди талкуулашат.
Кезектеги жыйындын жыйынтыгы менен бир катар документтер кабыл алынат.