Жаңылыктар
Ош облусунун аймагында “Өспүрүм-түн” аталган алдын алуу иш-чарасы өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусунун аймагында “Өспүрүм-түн” аталган алдын алуу иш-чарасы өтүүдө

Ош облусунун аймагында кароосуз калган өспүрүмдөрдү жана жашоо - турмушу начар  үй-бүлөөлөрдү аныктоо максатында Ош ОИИБдин жашы жете электер иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору тарабынан “Өспүрүм-түн” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө. 

Рейддин биринчи күнүндө түнкү убакытта ата-энесинин же аларды алмаштыруучу адамдардын коштоосуз, кароосуз, максатсыз көчөдө жүргөн 69 жаш өспүрүм аныкталды. Аныкталган жаш өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, ата-энелеринин көзөмөлүнө өткөрүлүп берилди.