Сеймологиялык абал боюнча маалымат Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 17-декабрь саат 21:02де Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна, Подгорное, Чоң-Кызыл-Суу айылдарында 3 балл, Жети-Өгүз, Тилекмат, Ак-Дөбө, Мундуз, Жалгыз-Өрүк, Кызыл-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.