Бишкекте Борбор Азиядагы климаттык дипломатия жана коопсуздук боюнча долбоордун бет ачары болду. Иш-чарага Улуу Британиянын элчиси Чарльз Гаррет, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлейн жана өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү катышты.
Долбоор Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы менен Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандагы тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте Улуу Британиянын өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылат. Негизги максат - климаттын өзгөрүшүнө адамдардын көңүлүн буруу.
Уюштуруучулардын айтымында, долбоор 3 өлкөдө жаштардын уюмдары менен тыгыз иштеп, алардын укуктарын, мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүүгө жана климатка байланыштуу чечимдерди кабыл алууга, сүйлөшүу процесстерин чагылдарган оюн форматы аркылуу жүргүзүлмөкчү. Ошондой эле долбоор 2021-жылдын ноябрь айында Глазго шаарында өтө турган БУУнун климаттык өзгөрүшү боюнча конференцияга да даярдык болуп саналат.
“Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташуубуздун алкагында Улуу Британиянын Бишкектеги элчилиги бул долбоорду баштады. Албетте, БУУ менен биргеликте. Биз Кыргызстандын гана эмес, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандарынын дагы климаттын өзгөрүшү көйгөйлөрү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууну каалайбыз. Менимче, климаттын өзгөрүшүн азайтуу үчүн ар бир адам салымын кошуш керек. Бул көйгөйдү биргеликте гана чече алабыз”,- деди Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гаррет.