Жаңылыктар
"Дордой" базарынын сатуучулары көйгөйлөрүн чечүүнү талап кылып, митингге чыгышты
Кыргызстан жаңылыктары
"Дордой" базарынын сатуучулары көйгөйлөрүн чечүүнү талап кылып, митингге чыгышты

Бишкектеги "Дордой" базарынын сатуучулары Кытайдан товар ташуу маселесин чечүүнү талап кылып, Өкмөт үйүнүн жанына митингге чыгышты. 

Айтымында, товарларды алып келүү көйгөйлөрү ушул жылдын февраль айында башталып, бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келет. Алар бул маселе боюнча Мамлекеттик бажы кызматына кайрылышкан. Департамент Тышкы иштер министрлигине кат жөнөтөрүн билдирген. Сатуучулардын көпчүлүгү жардамга муктаж экенин айтышты.

“8 айдан бери Кытайдан товар ала албай кыйналып турган убагыбыз. Такыр үнүбүз эч жака жетпей бул жерге келдик”,- деди сатуучу Мамаюсупова Мээркан.