Мамлекеттик каттоо кызматы жалпы жарандык биометрикалык паспорттун жаңы үлгүсүн даярдады. Анда отузга жакын коргоо элементтери камтылып, электрондук чип жайгашкан.
Биздин жаңы паспорт заманбап талаптардын бардыгына жооп берет. Документте электрондук чип да болот. Ал мукабанын соңку бетине жайгашат. Ал эми мукабанын алдыңкы бетине алтын түс чегерилет. Ал эми жарандын жеке маалыматтарын камтыган барак поликарбонаттан болот. Мындай технология дүйнө өлкөлөрүнүн көбүндө колдонулат.
Жарандык үлгүдөгү мурдагы паспортто жеке маалыматтар документтин акыркы барактарында болчу. Бул маселе коомчулукта сынга кабылган. Азыр болсо жарандын аты жөнү сүрөтү баштаган маалыматтар алдыңкы бетке жайгаштырылды. Ошондой эл жаңы паспорт эки түрдө - биринчиси 34 барактуу, экинчиси 52 барак болуп чыгарылат. Барагы азы жалпы жарандарга болсо, 52 барак болгону чет өлкө көп каттаган унаа айдоочуларына, дипломат жана башкаларга.
Паспорттун виза басыла турган барактарынын ар бири өзүнчө дизайн менен жасалгаланды. Маселен, бир бетте кыргыздын музыкалык аспаптары түшүрүлсө, дагы биринде архитектуралык эстеликтер, кыргыздын ажайып кооз аймактары бар. Кыскасы ар бир барак улуттук маданий баалулуктар жана жаратылыш кооздуктары менен шөкөттөлдү. Ошондой эле көзгө көрүнбөгөн коргоо элементтери да бар.