Жаңырган жылдын 1-апрелинен баштап тамеки менен спирт ичимдиктерин санариптик маркерлөө башталат. Бул көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, бюджеттин тартыштыгын жоюу максатында көрүлүп жаткан чаралардын бири. Өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусундагы кеңешмеде тармактык мамлекеттик органдарга учурдагы бардык техникалык көйгөйлөрдү чечүү тапшырмасы берилди.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков, бир катар көзөмөл-өткөрмө пунктарында болуп, андагы иштер электрондук форматта гана жүргүзүлүшү керек экенин айткан.
“Бириккен пост” долбоору адамдын катышуусусуз ишке ашуусу керек. Товарды коштоп жүрүүчү документтер адистин кийлигишүүсү жок жүргүзүлүшү зарыл. Бирок бул долбоорду ишке ашырууда жумуш канааттандырарлык эмес экендиги белгиленди.
Буга чейин салык процедураларын фискалдаштыруунун бир катар компоненттерин ишке киргизүүнүн алкагында «Бириккен пост» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун пилоттук долбоору башталган. Долбоор ЕАЭБ аймагынан импорттолгон товарды көзөмөлдөөгө багытталган. Ал жаңырган жылдын 1-февралында ишке кирмек. Өкмөттүн сунушу менен 1-январдан тарта Чалдовар, Чоң-Капка жана Актилек көзөмөл-өткөрмө пунткарында иштей баштайт.