Жаңылыктар
Конституциялык кеңешменин ишинин экинчи этабы башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Конституциялык кеңешменин ишинин экинчи этабы башталды

Баш мыйзамдын жаңы долбоору биринчи этаптагы талкуудан өтүп, азыркы учурда конституциялык кеңешменин эксперттик жумушчу тобунун кароосунда. Кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашевдин айтымында долбоор бир нече баскычтагы талдоодон өтөт. 

Баш мыйзамдын долбоору буга чейин конституциялык кеңешменин үч секциясында талданып, ар бир берене иликтенип, жиликтенди. Адистер ар бир сөздү карап, ашыкчасын алып салып, кем болгонун кошушту. Аны менен бирге жарандар тарабынан да сунуштар келип жатты. Азыр иштеп жаткан эксперттик жумушчу топ дал ушул сунуштарды, киргизилген өзгөртүүлөрдү баш мыйзамдын долбооруна кошуп жатышат.

Эксперттик жумушчу топ менен бирге эле лингвистикалык жумушчу топ да түзүлдү. Эксперттик жумушчу топтон кийин долбоор лингвистикалык талдоого барат. Алар баш мыйзамдын текстин электен өткөрүшөт. Белгилей кетсек баш мыйзам мамлекеттик тилде жазылууда. Буга чейин орус тилинде жазылып, анан гана кыргызчага которулуп келген.